Гүлжигит Алыкулов "Кайрат" клубунун курамында 50-оюнун өткөрдү

Казакстандын "Кайрат" футболдук клубунун оюнчусу, мекендешибиз Гүлжигит Алыкулов аталган клубдагы 50-оюнун өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз футбол маалымат агенттиги жарыялады.

Маалыматка ылайык, 12-август күнү алматылык клуб Европа Лигасына үчүнчү жолку тандап алуу оюндарынын алкагында кезектеги беттешин өткөргөн. Армениянын Алашкерт командасына каршы өткөн жооптук оюнда мекендешибиз 112-мүнөттө талаа үстүнө чыккан. Муну менен кыргыз футболчусу Кайраттын формасы менен 50-беттешин өткөрдү.

Тилекке каршы, ал жооптук беттеш 3-2 эсебинде армениялык команданын пайдасына жыйынтыкталган.

Гүлжигит Алыкулов "Кайрат" клубу менен өткөргөн 50 оюндун жыйынтыгында 7 гол киргизип (Казакстан премьер лигасында 5 гол, Казакстан Супер Кубогунда 1 гол, Европа Лигасында 1 гол), 8 жолу голдук пас чыгарып берүүгө жетишкен.

Ошондой эле былтыркы жылы аталган клуб менен Казакстан чемпиондугун жеңип алган.

Эске салсак, Гүлжигит Алыкулов өткөн жылдын январь айында Кайрат клубу менен 2+1 жылдык келишим түзгөн. Ага чейин Беларусь өлкөсүнүн "Неман" клубунда ойноп келген. Ал "Дордой" клубунун тарбиялануучусу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Pankration_MMA
2021-08-15 18:39:05
112-минутта оюнга чыкты. Бул тренер аябай эле кысып атат Гүжүнү лавкага тыгып. Гүжү кетиш керек мындай кадырына жетпеген нацистен.
+10
anash
2021-08-15 18:50:25
Кайратын азыркы тренери кыргыз кыргыздын душманы кыргыз эле экен
+7
Pankration_MMA
2021-08-15 18:57:41
anash, Бөрү баласы ит болбойт, демекчи, Крдагы башка улуттар баарибир Кыргызга күйбөйт, жана патриот болушпайт! Бул орус улутундагы Кыргыз жараны да!
+5
Tursunbaev1978
2021-08-15 20:27:09
Pankration_MMA,ак кулактар өлө улутчул болушат
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан