Атабек Азизбеков: "Кыргызстан мага эмне кылып берди деп ойлонбойм"

Токиодогу олимпиада оюндарында Кыргыз өлкөсүнүн курама командасына капитандык кылган грек-рим күрөшү боюнча балбан Атабек Азизбеков менен маектештик.

"Өзүмдөн башка эч ким күнөөлүү эмес, психологиялык жактан даяр болбой калдым" деген спортчунун олимпиададан кийинки алгачкы маеги.

"Олимпиадага бара жатканда Кыргыз элинин намысын коргойм, желегин желбиретем деген максат менен кеткен элем. Бирок баары эле биз ойлогондой болбойт экен, каалаган максатка жетпей калдык. Бул жерде эч кимдин күнөөсү жок, бир гана өзүм күнөөлүү болдум. Албетте, атаандашым күчтүү болду, мен аны өзүмдү актоо үчүн айтпай элемин. Болгону мен өзүмдү психологиялык жактан даярдай албай калдым окшойт.

Бул нерсе дагы чоң роль ойной тургандыгын олимпиадада билдим. Кыргыз элиме рахмат айтам, жеңишибизди да, жеңилгенибизди да кучак жайып тосуп алды. Буюрса, кийинки Францияда өтө турган олимпиадага катуу даярданып, эл күткөн алтынды алып келебиз деп ойлойм", - дейт Азизбеков.

Атабек Азизбеков: "Кыргыз өлкөсү мага эмне кылып берди деп ойлонбойм"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KaGaH
2021-08-15 14:22:34
Алтын ала албайсын,күрөшкөнүндү көрүп жүрөбүз,андай техника менен алтын алыш кыйын, дүйнөлүк лидер болуш керек алтын алыш үчүн!андан көрө башка күчтүү балбандар чыкса ордуңду бер, азырынча жок андай балбандар бирок сенин весинде
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан