Футбол боюнча дүйнө чемпиону, легендарлуу футболчу Герд Мюллер 75 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу Мюнхендик Бавария клубунун маалымат кызматы жазып чыкты. Ал бул клубда 1964-1979-жылдар аралыгында оюн алып барган.
Атактуу футболчуга 2015-жылы "альцгеймер" диагнозу коюлганы белгилүү болду.
Герд Мюллер 1945-жылы Германиянын Нёрдлинген шаарында жарык дүйнөгө келген. Чоң футболдогу жемиштүү карьерасы мюнхендик "Бавария" клубунда өткөн. Ал аталган клуб менен 4 ирет Германия Чемпиондугун, 4 жолу өлкө кубогун, 3 ирет Европа Чемпиондор Кубогун жеңип алган. Мындан тышкары 1 жолу Кубок ээлеринин чемпиондугун уткан.
Легендарлуу футболчу "Бавария" клубу үчүн бардык турнирде жалпы 607 оюн өткөрүп, команданын пайдасына 566 гол киргизүүгө жетишкен.
Ал ошондой эле Германия Чемпиондугунун эң мыкты бомбардири болуп саналат (365 гол). Аталган турнирде Мюллер 7 ирет мыкты бомбардир наамын жеңип алган.
Ал эми Германия улуттук курамасы менен 1974-жылы Дүйнө Чемпиондугун уткан. Нидерланды өлкөсүнө каршы өткөн финалдык оюнда легендарлуу футболчунун киргизген голу чечүүчү болуп (2-1), Германияга жеңиш тартуулаган.
1972-жылы Германия курамасы СССР менен Европа Чемпиондугунун финалында кез келген. Ал оюнда да Герд Мюллер 2 гол киргизип, футбол тили менен айтканда дубль жасап, (3-0) кубокту жеңип алууга чоң салым кошкон.
Герд Мюллер Германиянын курамында өткөргөн 62 оюнда 68 гол киргизген жана улуттук кураманын тарыхындагы экинчи мыкты бомбардир болуп саналат. Аны ашып өткөн жалгыз футболчу - 71 голу менен (137 оюнда) 2014-жылдагы дүйнө чемпиону Мирослав Козе.
1970-жылы Герд Мюллер футбол мыктыларына ар жылы берилүүчү эң престиждүү "Алтын топ" сыйлыгына татыган.