Мухаммед Алинин небереси биринчи беттешинде каршылашын нокаутка учуратты

Америкалык мушкер Нико Али Уолш профессионалдуу алгачкы беттешинде атаандашы Жордан Уиксту нокаутка учуратты. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмаларында жарыяланды.

21 жаштагы Уолш алгачкы беттешинде 70 секундда атаандашын нокаут менен жеңген. Беттеш Оклахома штатындагы Катоса шаарында өткөн бокс кечинин алкагында өткөн.

"Top Rank Boxing" (бокс уюму) уюмунун башчысы Боб Арум легендарлуу мушкер Мухаммед Алинин небереси Уолштун беттешин жогору баалаган. "Сыйкырдуу беттеш. Анын чоң атасы бул жигиттин анын жолун улантып жатканы менен сыймыктанмак", - деген промоутер өзүнүн Tвиттер баракчасында.

Мухаммед Али (туулгандагы аты Кассиус Клей) - спорт тарыхындагы эң көрүнүктүү боксчулардын бири. Ал дүйнөнүн оор салмактагы талашсыз чемпиону титулуна ээ болгон (1964-1966, 1974-1978), 1960-жылы Олимпиада оюндарынын алтынын утуп алган жана ар кандай басылмалар тарабынан бир нече жолу кылымдын спортчусу катары таанылган.

Нико Али Уолш Мухаммед Алинин кызы Рашида Алинин баласы.

Мухаммед Алинин небереси каршылашын накаутка учуратты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Datka7777
2021-08-16 12:11:49
Алиге окшобойт , АЛИ легенда
+1
KG-312
2021-08-16 16:44:32
Ногдаун эле болуптурго. Нокаут болгондо жатмакта сулап жерде!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан