Кыргыз спортчусу Нурсултан Куштарбек уулу UWW грэпплинг боюнча Орусияда өткөн Дүйнө чемпиондугунда эки алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Sportrecs маалымат порталына жарыяланды.
Турнир 13-14-августта Уфа шаарында (Орусия) өттү. Куштарбек уулу 63 килограммга чейинки салмак категориясындагы мелдешке катышкан. Gi дисциплинасында (кимонодо) мекендешибиз Литва менен Орусиянын спортчуларын утуп алган, ошондой эле орусиялык балбан Руслан Багышовго утулуп калган. Ал тайпада 2-орунду ээлеп, жарым финалга чейин жетип, анда казакстандык балбанды жеңген.
Финалдык беттеште Куштарбек уулу кайрадан орусиялык Багышов менен беттешип, бирок бул жолу аны 5:3 эсебинде жеңип, Дүйнө чемпиону болгон.
Эртеси күнү кыргыз спортчусу No Gi (кимоносуз) дисциплинасында чыгып, Италия, Испания, Орусия, Казакстандан келген спортчулардын үстүнөн катары менен 4 жеңишке жетип, кайрадан Дүйнө чемпиону болгон.