Бүгүн, 16-августта Орусиянын Уфа шаарында өтүүчү Жаштар арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалдык беттештери старт алат. Дүйнөлүк күрөш уюму оюндардын алгачкы күнүндө килем үстүнө чыга турган балбандардын тизмесин жарыялады.
Жарыяланган тизмеге ылайык, бүгүн 5 салмак категориясында өлкө намысын коргой турган 5 балбаныбыз алгачкы беттешин өткөрөт.
Тагыраагы 57 килограмм салмакка чейинкилер арасында мекендешибиз Абдумалик Карачов швециялык балбан Томас Епп менен кез келет.
Ал эми Орозбек Токтомамбетов 65 килограмм салмак ченинде армениялык Давид Маргарян менен беттешет.
70 килограммга чейинкилер арасында Алихан Алишер уулу коңшу казакстандык балбан Ассет Бауржановго каршы килемге чыгат.
Ошондой эле 79 килограмм салмак ченинде Мухаммад Абдуллаев Украинанын балбаны Руслан Ахметхановго каршы турат.
Акыркы болуп Баяман Мыктыбеков 97 килограмм салмакта грузиялык Лука Хутчуа аттуу балбандан намыс талашат.
Беттештер Бишкек убактысы боюнча 12:00дө башталат.
Эске салсак, күрөш боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугу Орусиянын Уфа шаарында 16-22-август аралыгында өтөт. Ага Кыргыз өлкөсүнүн атынан бардыгы болуп 26 спортчу катышууда. Тактап айтканда, эркин күрөш боюнча 10 балбан (башкы машыктыруучу Нурдин Донбаев), грек-рим күрөшүнөн 9 балбан (башкы машыктыруучу Шухрат Ушуров) жана кыз-келиндер күрөшү боюнча 7 балбан (башкы машыктыруучу Үсөнаалы Рыскулов).