"Токио-2020" жайкы Олимпиадасында узак аралыкка чуркоо боюнча өлкө намысын коргогон мекендешибиз Дарья Маслова Олимпиадага катышуу учурунда алган бутундагы жарааттарын көрсөттү. Бул тууралуу видеону жөө күлүк айым Инстаграм баракчасына жүктөгөн.
Видеодо спортчу айымдын буттары кейиштүү жарааттарды алганын көрүүгө болот.
Белгилей кетсек, Дарья Маслова Токиодо өткөн жайкы Олимпиада оюндарында 42 чакырым аралыкка чуркаган. Аталган аралыкты спортчу айымыбыз 2 саат 35 мүнөт 35 секундда басып өтүп, 88 спортчунун ичинен 36-орунду ээлеген.