Бүгүн, 1-ноябрь күнү кыргызстандык Дастан Лепшаков Орусиянын Рязань шаарында өтүп жаткан бильярддын “эркин пирамида” түрү боюнча өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпиондугунда чейрек финалдык беттешин өткөрөт. Анда Дастан Лепшаков орусиялык Андрей Осьминин аттуу кий чебери менен беттешет. Беттештер Бишкек убактысы боюнча 12:00дө башталат. Эске салсак, мелдешке катышкан башка кыргызстандык спортчулар алгачкы эки беттеште утулуп, мелдештен четтеп калышкан.