Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы пансионаттардын биринде 18 жаштагы бала сууга чөгүп кетти. Окуя тууралуу видеону интернет колдонуучу социалдык тармакка жарыялаган.
Андагы маалыматка ылайык, алгач үч бала чөккөн.
"Аларга эч ким жардам берген жок. Баары күлүп карап турушкан. Кум жээкте куткаруучулар болгон эмес. Кийинчерээк эс алуучулар жардамга келишип, эки баланы алып чыгышты. Ал эми үчүнчүсү чөгүп кетти, эч ким аны таба албай жатты. Жардамга чакыргандан кийин башка кум жээктен куткаруучулар келишип, баланы таба албай коюшту. 10 мүнөткө созулган издөө иштеринен кийин баланы таап, суудан алып чыгышты. Бирок кеч болуп калды", - деген окуянын күбөсү.