Жалал-Абад шаарында унаа оңдогон жайдан өрт чыгып 5 унаа күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт кечээ, 16-август күнү чыккан. Өрт жакын жайгашкан имаратка өтүп, Жалал-Абад шаардык №20 ӨКБдан 2 бөлүм, №58 ӨКБдан бир бөлүм жана №65 ӨКБдан бир бөлүм, жалпы 4 бөлүм жана ыкчам топ тартылган.
Саат 13:35те өрт чектөөгө алынып, саат 14:43тө толук өчүрүлгөн.
Өрттүн келип чыгуу себеби жана материалдык чыгым такталууда.