Кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина 4-10-ноябрь аралыгында Казакстандын Астана шаарында өтүүчү, байге фонду 25 миң доллар болгон мелдешке катышат. Бул тууралуу Эл аралык теннис федерациясынын расмий сайты жарыялады. Мелдеш 4-ноябрь күнү Астана шаарындагы Улуттук теннис борборунда башталат.