Бүгүн, 17-августта Орусиянын Уфа шаарында өтүп жаткан жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда 7 кыргыз балбаны килем үстүнө чыгат.
Бүгүнкү мелдеште эркин күрөш боюнча 5 комплект медаль ойнотулат. 5 кыргыз балбаны алдын ала беттеште күчүн сынаса, 2 кыргыз балбаны, тагыраагы Мухаммад Абдуллаев менен Абдумалик Карачов коло байгеге күрөшүү үчүн жубатуучу беттешке чыгат.
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 12:00дө башталат.