Нарын облусунун Ат-Башы районунда Toyota Sequoia унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып оодарылып кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 4 адам ар кандай жеңил жаракаттарды алышкан.
Жерине Ат-Башы райондук №45 өрт куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, жабыркагандарды унаадан чыгарып "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.