Бүгүн, 1-ноябрь күнү Жакарта шаарында футбол боюнча Кыргызстан менен Индонезия курама командасы жолдоштук беттеш өткөрөт. Кыргызстан курама командасынан аталган беттешке 16 оюнчу чакырылды. Октябрь айындагы ФИФАнын рейтингинде Кыргызстан 207 өлкөдөн 150-орунда болсо, Индонезия 162-орунду ээлеген. Кыргызстан курама командасы акыркы Тажикстан менен болгон беттеште 4:1 эсебинде жеңилген. Ал эми Индонезия курама командасы акыркы беттешин Кытай курама командасына каршы өткөрүп, оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган. Бүгүнкү Индонезия менен өтүүчү жолдоштук беттешке чакыруу алган футболчулар төмөндө:
Дарбазачылар: Павел Матяш, Максим Зинченко (экөө тең "Дордой"), Руслан Амиров ("Абдыш-Ата")
Коргоочулар: Тахир Авчиев ("Абдыш-Ата"), Даврон Аскаров, Фарух Абитов, Арий Элайджа (баары "Дордой"), Артур Муладжанов ("Алга")
Жарым коргоочулар: Азиз Сыдыков, Кайрат Жыргалбек уулу (экөө тең "Абдыш-Ата"), Вадим Харченко ("Дордой"), Ахлетдин Исраилов ("Динамо", Украина)
Чабуулчулар: Хуршит Лутфуллаев, Ильдар Амиров (экөө тең "Абдыш-Ата"), Мирлан Мурзаев ("Дордой"), Иван Филатов ("Алга").