Нарын облусунун Кочкор районунун Кувакы ашуусунда 1-ноябрда саат 02:00 чамасында жол кырсыгы катталды. Бул туурасында ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет. Кырсыктан улам Хонда Фит (мамлекеттик номери S 9482 Н) автомашинасынын ээси М.С. каза болгон. Кырсык болгон жерге барган куткаруучулар айдоочунун денесин машинадан алып чыгып, өлүкканага жеткиришкен.