2-ноябрь күнү Бишкекте Кааба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда дзюдо боюнча IV Эл аралык “Хан Манас Кубогу" аттуу мелдеш өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Монголия, Тажикстан жана Ооганстандан 1996-1998-жылы туулган 400дөн ашык дзюдочу катышат. Жеңүүчүлөр жеке жана командалык эсептер боюнча аныкталып, мелдеш 3-ноябрь күнү жыйынтыкталат.