Орусиянын Рязань шаарында өтүп жаткан бильярддын “эркин пирамида” түрү боюнча өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык Дастан Лепшаков жарым финалга чыкты. Жаңы гана жыйынтыкталган чейрек финалдык беттеште Дастан орусиялык Андрей Осьминин менен кез келип, 6:4 эсебинде жеңишке жетти. Ошондой эле Дастан Лепшаковдун жарым финалдагы атаандашы да белгилүү болду. Жарым финалда Дастан дагы орусиялык кий чебери Юрин Кирилл менен беттешет.