Футбол боюнча Италиянын чемпиондугунда алгачкы 10 турда бардык беттеште жеңишке жетип, 30 упай топтогон римдик “Рома” жаңы рекорд жаратты. Буга чейин рекорддук көрсөткүч 2005-2006-жылы алгачкы 9 беттеште жеңген туриндик “Ювентуска” таандык болгон. Бирок ал сезон жыйынтыкталгандан кийин 1-орунду ээлеген “Ювентус” атайын уюшулган оюндарга шектелип, чемпиондук наамы 2-орунду ээлеген “Интерге” өткөрүлүп берилген. Анда мурдагы рекорд болсо 1985-1986-жылы алгачкы 8 беттеште жеңген ошол эле “Ювентуска” таандык болгон. Быйылкы сезон “Рома” үчүн болуп көрбөгөндөй ийгиликтүү башталды. Ал эми Европада алдынкы делген чемпиондуктардагы алгачкы беттештеги рекорддор төмөндө:
Англия. 1961-1962-жылы “Тоттенхем” алгачкы 11 беттеште жеңген.
Испания. 1968-1969-жылы “Реал” 9 беттеште жеңген.
Германия. 2012-2013-жылы “Бавария” 8 беттеште жеңген.
Франция. 1936-1937-жылы “Лилль” 8 беттеште жеңген.