Лебединовкада жүргүнчү ташыган кичи автобус каршы тилкеге чыгып, 8 адам жаракат алды

Чүй облусунун Лебединовка айылында жүргүнчү ташыган кичи автобус кырсыкка кабылып, 8 адам жаракат алды. Бул тууралуу Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

"Жол кырсыгы 21-август күнү болжол менен саат 18:30 чамасында Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылында катталды. Анда 1977-жылы туулган Ж.Н. жүргүнчү ташыган Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаасы менен каршы тилкеге чыгып, Мерседес-Бенц 300 жеңил унаасы менен сүзүшкөн. Жеңил унаа 1992-жылы туулган Д.И. аттуу жарандын башкаруусунда болгон", - дешти башкармалыктан.

Кырсыктын кесепетинен Мерседес-Бенц Спринтер унаасынын жүргүнчүлөрү жаракат алышты. Алар:

1) 1973-жылы туулган К.К.
2) 1989-жылы туулган Ж.Ж.
3) 2002-жылы туулган М.К.
4) 1966-жылы туулган И.Э.
5) 1976-жылы туулган Б.Э.
6) 1981-жылы туулган О.К.
7) 1992-жылы туулган Д.И.
8) 1994-жылы туулган М.Э.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы эскертет: ашыкча өзүнө ишенүү, жол эрежелерин билбөө жана башка жол кыймылынын катышуучуларынын өмүрүнүнө кайдыгер мамиле жасоо көп учурда кайгылуу кесепеттерге алып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle_I
2021-08-23 18:03:51
Алдындагы кызыл машинадан обгонго чыккан экен? Ылдамдыгы да чоң келген экен.
Спринтер, стептерди тез арада тизгиндеш керек.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан