Ысык-Ата районунда "окуучуларды коюп, качып кеткен" деп шектелген адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн,1-ноябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.
Аталган басма сөздүн маалыматына караганда, окуя 30-октябрда болуп өткөн. Белгисиз айдоочу болжол менен саат 10:30дарда Будёновка айылындагы мектептин тушунан 11 жаштагы 2 кызды коюп кетип, аларга жардам көрсөтпөстөн окуя болгон жерден качып кеткен. Кыздар түрдүү жаракаттар менен ооруканага жеткирилген.
Кылмышка шектүү делинип аталган райондун жергиликтүү тургуну Х.М. кармалды. Учурда сурак жүрүп жатат.