Президент АКНЕТ компаниясына ыраазычылык кат тапшырды

23-августта президент Садыр Жапаровдун Токио XXXII жайкы Олимпиадасынын жеңүүчүлөрүн жана катышуучуларын сыйлоо аземи болуп өттү.

Токиодо өткөн Олимп оюндарын Кыргыз өлкөсүндө расмий чагылдырганы үчүн АКНЕТ компаниясына ыраазычылык билдиришти.

Өз кезегинде АКНЕТ компаниясы техникалык көмөк көрсөткөн өнөктөшү - оюндарды республиканын бардык аймактарында көрсөткөн Коомдук телерадиоберүү корпорациясына ыраазычылык билдирет. Биргелешкен аракет менен өлкөнүн ар бир жаранына жайкы Олимпиада оюндарын көрүүгө, спортчуларыбызды колдоого мүмкүнчүлүк берип, масштабдуу долбоорду ишке ашырууну жүзөгө ашырдык.

Өлкө башчынын ыраазычылыгы биз үчүн күтүүсүз болду. Биздин демилге өлкөгө жана республиканын ар бир тургунуна пайда келтиргени, ишибиздин жогору бааланышына жана бизге көңүл бурулганына кубанычтабыз жана бактылуубуз.

Баарыңыздарды 2022-жылы Пекинде өтө турган кышкы Олимпиада оюндарына биз менен күбө болууга чакырабыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан