Кыргызстандык дзюдочу Чыңгыз Мамедов Циндао шаарынын баш байгеси үчүн болгон мелдеште 7-орунду ээледи

Кыргызстандык Чыңгыз Мамедов 1-ноябрь күнү дзюдо боюнча Кытайдын Циндао шаарынын баш байгеси үчүн болгон мелдеште 7-орунду ээледи. Бул тууралуу Эл аралык дзюдо федерациясы билдирди. Анда Ч.Мамедов “D” тайпасында беттешке чыгып, биринчи кармашта Валерий Чиска аттуу дзюдочуну жеңген. Ал эми экинчи кармашта орусиялык Мурат Гасиев менен кез келип, жеңилип калган. Бирок көңүл жубатарлык кармашка укук алып, анда германиялык Марк Одентало аттуу спортчуга утулган. Жалпы жыйынтыкта
Ч.Мамедов 14 катышуучудан 7-орунду ээледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
TILEK.8
2013-11-03 15:38:57
аракетке берекет чынгыз алга артта калба ийгилик калайм кыргыз атын очурбостон алга ултун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан