"MoveGreen" ("МувГрин") экологиялык уюмунун тобу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан колдоого алынган жана Америкалык кеңештер тарабынан башкарылган абанын булганышын азайтуу долбоорунун алкагында Бишкектеги №82 мектепке күндүн энергиясы менен иштөөчү суу жылыткычын орнотуп, ишке киргизишти.
Аталган мектепте шаардын жаңы конуштарынан, ар кандай райондорунан жана шаар четинен 3600 бала келип билим алат. Суу жылыткычты орнотуу энергия чыгымдарын кыйла үнөмдөйт жана 3-4 жылдын ичинде өзүн актайт. Экологиялык жана экономикалык пайдадан тышкары, мектептин завучу Айнагүл Топчубекова мындай жыйынтык окуучуларда ичеги-карын оорулары жана башка инфекциялар азайып кетет деп үмүттөнөт. Анткени жылуу суу балдарды колду тез-тез жууп турууга түрткү болот.
Экологдордун бул демилгеси бул аймактын жашоочуларынын үйлөрүнө күндөн суу жылыткычтарын орнотууга кызыгуусун жаратты. Адамдар колдорун ысык суу менен жууганда күн сууну ушунча ысытабы таң калышкан жана алар ысык суу үчүн ай сайын акча төлөшпөйт. "Бир убакта 40 миң сом төлөп жүрүп, анан мамлекетке электр энергиясы үчүн эч нерсе төлөбөө сонун", - деген Ала-Тоо конушунун тургуну Айгүл Ырысбекова күн суу жылыткычынын иштеши тууралуу.
Суу жылыткыч күндүн энергиясын бир жылдагы 365 күндүн 300 күнүндө колдонот. Күн жок болгон күндөрү суу жылыткычтын ичиндеги суу кичинекей электр жылыткыч менен жылытылат. Суунун температурасы 70-90 градус Цельсийден кол менен жөнгө салынышы мүмкүн. Көлөмү 150 литр болгон суу жылыткыч 4 кишиден турган үй-бүлөдө тиричилик жана гигиеналык муктаждыктар үчүн жетиштүү. Райондун тургундары буга Лебединовкадагы эко үйгө баруу менен ынанды. Ал жерден алар күн батареяларын жылытуу, био-канализация, тамчылатып сугаруу жана компост өндүрүү үчүн кантип колдонууну өз көздөрү менен көрүштү.
"MoveGreen" (МувГрин") 2017-жылдан бери Бишкекте абанын сапатына көз карандысыз мониторинг жүргүзүп келет. 2020-жылы Бишкек IQ Air эл аралык анти-рейтингинде ыштын айынан дүйнөнүн 106 шаарынын ичинен 8-орунду ээлеген. Android үчүн AQ.kg тиркемесин жүктөө менен Бишкек жана Ош шаарларындагы абанын сапаты боюнча акыркы маалыматты таба аласыз. Бул маалыматтардын аркасы менен активисттер борбордун кайсы экологиялык жактан корголбогон турак жайлары абанын булганышына көбүрөөк дуушар болорун аныкташты. https://www.facebook.com/MoveGreen.kg/posts/4640270965994867
Социалдык тармактардагы хэштегдер:
#MoveGreenkg
#БишкекСмог
#ВоздухвБишкеке
#BreathLife
Социалдык тармактардан белгилөө:
https://www.instagram.com/movegreen.kg
https://www.facebook.com/MoveGreen.kg