Кыргызстандык Дастан Лепшаков Орусиянын Рязань шаарында бильярддын “эркин пирамида” түрү боюнча өспүрүмдөр арасында өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда жарым финалда жеңилди. Жаңы гана жыйынтыкталган жарым финалдык беттеште Дастан Лепшаков орусиялык Юрин Кирилл менен беттешип, 5:6 эсебинде утулуп калды. Эске салсак, буга чейин мелдешке катышкан кыргызстандык Канат Жолдошбеков, Улукман Карагулов, Бектур Арзыматов, Рысбек Асанбеков жана Ызатбек Раатбеков алгачкы эки беттеште жеңилип, мелдештен четтеген болчу.