Ырчы Толгонай Арзыкеева: "Ак тойду өткөрүп алып Америкага кетебиз"

Ырчы, актриса Толгонай Арзыкеевага сөйкө салуу каадасы кечээ, 25-августта болду. Анда ырчы менен анын сүйүктүүсү Нурсултан Төлепберген нике күбөлүгүн алышты. Сөйкө салуу жөрөлгөсү тар чөйрөдө белгиленип, борбордогу эс алуу комплекстердин биринде орун алды.

"Сөйкө салуу жакындарыбыздын курчоосунда болду. Бири-бири менен таанышып, көңүл ачышып, жакшы маанайда отурушту, аларды көрүп мен сүйүндүм. Болочоктогу кайненем менен тааныштым, аябай жакты. Баары "болочок кайненеңе окшош экенсиң, келечекте ошону тартсаң баары жакшы болот" деп айтышты.

Үлпөт той жакында эмес, азырынча документтерим даяр боло элек. Документтерим даяр болгондон кийин кыз узатуу, үлпөт тойду өткөрүп алып Америкага кетебиз", - дейт ал.

Толгонай Арзыкеева чет өлкөгө кетсе дагы чыгармачылыгын уланта берерин, ар кандай тасмаларда роль жаратууга сунуштар түшкөнүн кошумчалады.

Буга чейин Толгонай Арзыкееванын жигити колун сурап, бриллиант шакек таккан. Ал эми бир күн мурда Толгонайга болочоктогу кайын журту сөйкө салып, андан соң жаштар нике күбөлүгүн алышып, нике шакегин тагынышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Flower2017
2021-08-26 16:17:54
Бактылуу бол жаркылдаган кыз
+10
ayzhan12
2021-08-26 16:23:59
Ишине ийгилик. Оркундоп, осо бер. Дайыма жаркылдап, жагымдуу сулуу болуп журо бер.
+3
Tyty1990
2021-08-26 17:37:19
ayzhan12,колума түшсөң барбы
-2
raikakyz
2021-08-26 16:32:47
Бактылуу болгула жаштар.
+1
KG-312
2021-08-26 18:54:46
Сөйкөнү мындай эле салып койчу эле, эми ушунча убаракерчилик менен сала турган болуп калганбы? Эх мусор салттар!!!
+16
KG-312
2021-08-26 19:02:17
Элдер акшга кетиштин жолун таппай, жылдап убара болуп жүрсө, бул Рфга кеткендей эле "Үйлөнүп акшга кетебиз" дептирго. Кызык кантип сразу эле кетет экен?!
+7
Marni
2021-08-27 14:02:24
KG-312, жолдошу АКШнын жараны болсо кетет да.
0
Beka1986
2021-08-26 21:58:18
Казакка тийдиби ошондо
+2
VENOM
2021-08-27 13:55:37
Кошунаны тандабайт эмне болду ошондо
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан