22-август күнү экономикалык коопсуздукту камсыздоо боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө чет өлкөлүк валюталык жасалма акчаларды алып келүү жана таратуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
"Манас районунун "Чоң-Капка унаа жолу" өткөрүү пунктунун аймагында жайгашкан акча алмаштыруучу жайлардын биринде ири өлчөмдөгү жасалма АКШ доллары акча каражаттарын сатууга аракет кылып жаткан жеринен 1996-жылы туулган Казакстандын жараны Д.С.Я. кармалды. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 225-беренеси (Акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды", - деп жазылат билдирүүдө.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, кармалган жаран Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык Талас облусунун ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Азыркы учурда бул фактынын бардык жагдайларын изилдөө жана мүмкүн болгон шериктерин аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.