Бүгүн, 26-августта Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын президентинин Кубогунун алкагында Жогорку Лиганын оюндары старт алды.
Анда Жогорку Лиганын тайпалык баскычтагы оюндары орун алды. "В" тайпасында Таластын "Ынтымак" командасы менен Оштун "Ала-Тоо" командасы кез келип, оюн 3:2 эсебинде "Ынтымактын" жеңиши менен аяктады.
Президенттин Кубогунда Көк бөрү федерациясы Жогорку жана Биринчи Лигадан тышкары, Эл аралык Лиганы ачкан. Чет жерден келген командалар Эл аралык Лигада ойношот.