Бишкекте кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын ортосундагы спартакиада башталды

Бишкекте 1-ноябрда Кыргызстандагы кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын арасында спартакиада башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматынан билдиришти. 15-ноябрга чейин спорттун 9 түрү: баскетбол, волейбол, мини-футбол, стол үстүндөгү теннис, шахмат, тогуз коргоол, ордо, жеңил атлетика жана күрөш боюнча мелдештер өтөт. Ага республика боюнча 15 команда катышат. Спартакиаданын ачылышы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын манежинде өттү. Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Бактыбек Шалпыков бардык катышуучуларга ийгилик каалап, мелдешти ачып берди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан