Фотоальбом: Мектепте 10-класска чейин билим алган, кесиби боюнча сүрөтчү Максат Надырбеков 32 жашта

Алып баруучу, актёр Максат Надырбеков бүгүн, 27-августта туулган күнүн белгилеп жатат. 32 жашка толгон алпаруучу бул күндү ата-энесин куттуктоодон баштады. Ал эми кечинде туулган күнүн жоро-жолдоштору менен чогуу өткөрөрүн айтат.


Максат Надырбеков 1989-жылы Нарын облусунун Баетов айылында төрөлгөн. Балалык чагы аталган айылда өтүп, орто мектепте 10-класска чейин билим алган. Андан кийин Максат Надырбековдун ата-энеси Бишкекке көчүп келишкен. Болочоктогу алып баруучу Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайында билим алган.

Максат Надырбеков тойлордо, иш-чараларда алып баруудан тышкары "Мегатой-1", "Мегатой-2", "Эл укпасын", "Кыялкештер" жана башка тасмалардагы образдары менен таанымал.

Алып баруучунун архив сүрөттөрүн карап, окуучулук, студенттик кездеги, коомдук иш-чараларга катышып жүргөн учурларын топтодук.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Erlan_95
2021-08-27 15:38:37
Иии арык кезинде жакшынакай болчу экен
+2
KaGaH
2021-08-27 16:15:46
Нурзатка жолугуп жолдон адашты да бул жигит!!!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан