Борбордо Кыргызстан менен Япония элинин достугуна арналган спорттук фестиваль өтөт

Бишкекте 7-ноябрда Кыргызстан менен Япония элинин достугун даңазалаган спорттук фестиваль өтөт. Бул тууралуу Кыргыз-япон өнүктүрүү борборунан уюштуруучулар билдиришти. “Фестивалдын алкагында жаңы досторду табуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Японияда күздүн ушул убагында 1966-жылы Улуттук спорттун күнүн белгилөө чечими кабыл алынган. Бул жаштарды сергек жашоого үндөйт. Ошондуктан аталган фестиваль да күз айына белгиленди”,- дешет уюштуруучулар. Фестивалга бардык каалоочулар катыша алышат. Спорттук мелдештер Ж.Баласагын атындагы КУУнун спорттук залында саат 12:00 башталат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан