Бишкекте айдоочуну кокусунан атып алган милициянын кайгуул кызматынын инспектору кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал курал колдонуу менен кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө. Мындай маалымат Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы тарабынан белгилүү болду.
27-августта саат 21:30 чамасында Свердлов РИИБине Жибек Жолу кең көчөсү менен Гоголь көчөсүнүн кесилишиндеги мечиттин жанында бир адам октон жаракат алгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
"Жерине Свердлов РИИБинин ыкчам тобу, Бишкек ШИИББинин жетекчилиги, ИИМдин жана Свердлов районунун прокуратурасынын кызматкерлери барышкан. Анда 1989-жылы туулган А.Ч. аттуу жаран кенже инспектордун огунан көкүрөк тушунан жаракат алганы белгилүү болду.
"Тез жардам" кызматы тарабынан жабыркаган адамга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, реанимациялык иш-чаралар жүргүзүлгөн. Тилекке каршы, айдоочу октон алган жаракатынан улам эсине келбей каза болгон.
Окуя болгон жерди кароо учурунда мечиттин батыш тарабындагы унаа жүрүүчү бөлүгүндө, асфальттын бетинде кара күрөң түстөгү заттын издери бар (алдын ала кандын издери) 1 даана гильза жана тампон табылган. Ошондой эле видеокамералардан жазуулар алынып, тергөө материалдарына кошулду. Чогултулган материалдар Свердлов райондук прокуратурасына жиберилип, УКМКнын Бишкек аймагы боюнча башкармалыгына өткөрүлдү.
Ал эми бул факты Свердлов районунун прокуратурасы тарабынан 321-берененин бөлүктөрү ("кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "ошол эле жосун", "курал же атайын каражаттарды колдонуу менен", "кокусунан ден соолукка оор зыян келтирүү менен") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - дешти башкармалыктан.
Буга чейин аталган окуя боюнча тергөө ишин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана прокуратуранын кызматкерлери жүргүзөрү маалымдалган.