Чолпон-Ата шаарындагы көк бөрү боюнча президенттин Кубогу үчүн мелдеште Жогорку Лигада "Достук" жана "Ала-Тоо" командаларынын 3-4-орундар үчүн болгон беттеши уланууда. Оюндун 2-бөлүгү 3:2 эсебинде "Ала-Тоонун" пайдасында жыйынтыкталды.
Буга чейин "Достук" командасынан 2 ирет Кыяз Ниязов тай казанга улак таштаган.
Ал эми "Ала-Тоо" командасынан Аскат Аскаров 2 ирет, ал эми Манас Ниязов 1 жолу команданын пайдасына жараган.