Футбол боюнча Кыргызстан Индонезия курама командасынан ири эсепте утулду

Футбол боюнча Кыргызстан курама командасы 1-ноябрь күнү Жакарта шаарында Индонезия менен болгон жолдоштук беттеште 4:0 эсебинде жеңилди. Беттештин биринчи 45 мүнөттүгүндө Кыргызстандын дарбазачысы Павел Матяштын дарбазасына индонезиялык Залхам Малик Замрун эки ирет гол согууга жетишкен. Ал эми экинчи 45 мүнөттүктө дарбазачы Павел Матяштын ордуна Руслан Амиров чыгып, бирок ал да дарбазасын кургак сактай албай эки гол өткөргөн. Жыйынтыгында ФИФАнын рейтингинде 150-орунда турган Кыргызстан курама командасы 162-орунда турган Индонезиядан 4:0 эсебинде жеңилди. Кийинки беттешин Кыргызстан курама командасы 15-ноябрь күнү Катар курама командасына каршы өткөрөт.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Almabek
2013-11-04 10:25:21
Индонезияга эс алганы барышкан да, утулушту, за то жыргап эс алып келишет, эл тааны жер тааны болуп, жол киреге кеткен кайран акча, андан коро откондогу Бразилияга баралбай калган спортсмендерге жакшы комок корсотулсо болмок ОКмот тарабынан!
0
KUMU89
2013-11-04 11:38:50
Top togolok, arakettene bergile. Bulda bolboso, kiyinkide.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан