Кыргызстандык балбандар 7-9-ноябрь күндөрү Американын Нью-Йорк шаарында өтүүчү күрөш боюнча Эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты жарыялады. Маалыматка ылайык, учурда мелдешке катышуу ниетин Орусия, Кыргызстан, Бразилия, Болгария, Канада, Германия, Монголия, Корея жана Япония өлкөлөрүнүн балбандары билдирген. Мелдеш грек-рим, эркин күрөш жана кыздар арасындагы күрөш боюнча төмөнкү салмак даражаларында өтөт:
Эркектер: 55, 60, 66, 74, 84, 96 жана 120 килограмм салмакта
Кыздар: 48, 51, 55, 59, 63, 67 жана 72 килограмм салмакта.