Кыргызстандык спортчулар 9-ноябрь күнү Украинанын Харьков шаарында өтүүчү фехтования боюнча Эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу фехтования боюнча Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Геннадий Зеленин билдирет. Айтымында, мелдешке Орусия, Украина, Кыргызстан, Беларусь жана башка өлкөлөрдөн 100гө жакын спортчу катышат. Кыргызстандан аталган мелдешке Данышман Жумабай уулу, Кубатбек Абдрахман уулу жана Назарбек Маткеримов катышат.