Бүгүн, 1-сентябрь күнү Бишкек шаарындагы соода борборлордун биринде UFC мушкери Рафаэль Физиев күйөрмандар менен жолугушуу өткөрүүдө.
Жолугушууга келген күйөрмандар UFC мушкерине суроолорун берип, алдыдагы беттештер, үй-бүлөсү жана карьерасы тууралуу суроо салышты.
Рафаэль Физиев күйөрмандарына ыраазычылыгын билдирип, UFC уюмунда кайсы гана мушкер болбосун беттешүүгө даяр экенин айтып өттү.
Эске салсак, Рафаэль Физиев 8-августта UFC 265 турниринин алкагында америкалык Бобби Грин менен беттешип, калыстардын чечими менен жеңишке жетишкен. Муну менен кыргыз мушкери катары менен төртүнчү жолку жеңишин камсыздап, UFC'деги эң мыкты 15 мушкердин катарына кошулган.