Бокс боюнча чеберлер арасындагы казакстандык чемпион Геннадий Головкин наамын ийгиликтүү коргоду

2-ноябрь күнү Американын Нью-Йорк шаарында бокс боюнча чеберлер арасында WBA (Дүйнөлүк бокс ассоциациясы) версиясы боюнча 72,6 килограмм салмактагы казакстандык чемпион Геннадий Головкин 9-ирет наамын коргоду. Бул ирет GGG лакап атка конгон Геннадий Головкин америкалык Кёртис Стивенс менен кез келип, техникалык нокаут менен жеңишке жетти. Ошентип чеберлер арасында жеңилүү эмне экенин биле элек GGG жеңиштеринин санын 29га жеткирди. Беттештен кийин GGG: “Бул беттеште мен техникамды жана ыкчамдыгымды көрсөттүм. Элдер кимдин ким экенин көрдү. 2-раунддагы нокдаун абалын кийин бул беттеште жеңем деген ишенимде болдум”,- дейт. Кийинки атаандашы тууралуу: “Мен бардык сунуштарга  ачыкмын. Ким менен болсо да беттешүүгө даярмын”, -дейт GGG. Ал эми америкалык мушкер Кёртис Стивенс болсо: “Кетирген каталарымды изилдеп чыгып, кайрадан рингге чыгам”, -деген оюн билдирген.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан