Ысык-Көл облусунун Бостери айылында көлгө чөгүп кеткен 36 жаштагы адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
"Бүгүнкү күнгө чейин куткаруучулар тарабынан издөө иштери жүргүзүлүп келген. Бүгүн жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн жалпы 7 куткаруучу тартылган. Маркумдун сөөгү жергиликтүү тургундар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүп берилди", - деп билдиришти ӨКМдан.
Маркум 31-августтан бери изделип жаткан.