Ысык-Көлдүн Сары-Ой айылында жаңы спорт залы ачылды

2-ноябрь күнү Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылында демөөрчүлөрдүн жардамы менен Сүйүнбек Сарбагышев атындагы жаңы спорт залы ачылды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Спорт залдын салтанаттуу ачылыш аземине Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров, Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Бактыбек Шалпыков, “Karven Group” компаниясынын президенти Генрих Балян катышты. Спорт залда бокс, күрөш жана машыгуу залдарынан сырткары спортчулардын ыңгайы үчүн жуунуучу жана чечинүүчү жайы да бар. Айыл башчы Максат Сарбагышевдин айтымында, учурда залга бокс жана оор атлетика боюнча машыктыруучулар бөлүндү.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан