Бүгүн, 4-ноябрь күнү кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина Казакстандын Астана шаарында башталган баш байгеси 25 миң доллар болгон мелдеште биринчи беттешин өткөрөт. Бул тууралуу Эл аралык теннис федерациясынын расмий сайты жарыялады. Ксения Палкина биринчи беттеште жупта ойноодо украиналык Вероника Капшай менен бирге казакстандык Анна Данилина менен орусиялык Юлия Самсева жубуна каршы беттешет. Ошондой эле Ксения Палкинанын мелдештин жалгыздан ойноо бөлүгүндө орусиялык Маргарита Гаспарян аттуу теннисчиге каршы беттешери белгилүү болду.