Орусия өлкөсүндө болуп өткөн кикбоксинг боюнча чемпиондук Ош шаарынан чыккан спортчу Бахрам Абдуллаев экинчи орунду ээлеп, күмүш медалга татыктуу болду. Аталган спортчу 86 килограмм салмактагы категорияда таймашкан. Маалымат катары айта кетсек, жыл сайын өткөрүлүп туруучу чемпиондук Анапа шаарында болуп өтүп, жалпысынан 27 өлкөдөн 2300 спортчулар келип катышкан.