Португалиялык атактуу футболчу Криштиану Роналду улуттук курама үчүн киргизген голдорунун саны 111ге жетип, "Гиннесстин рекорддор китебине" кирди. Бул тууралуу футболчу өзүнүн Инстаграм баракчасына "Гиннесстин рекорддор китебине" киргенин тастыктаган сертификаттын сүрөтүн жарыялады.
“Гиннесстин рекорддор китебине" рахмат! Дүйнөлүк рекордчу катары таанылуу ар дайым жагымдуу. Мындан да жакшы жыйынтыктарга жетүүгө аракет кылалы”, - деп билдирүү калтырган ал.
Белгилей кетсек, 1-сентябрда 2022-жылы өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна тандоо турунун алкагында Португалия курамасы Ирландияга каршы оюн өткөргөн. Ал беттеште Роналду 2 гол киргизип, Португалия 2:1 эсебинде жеңишке жетишкен.
Эске салсак, "Ювентустун" мурдагы чабуулчусу Криштиану Роналду өткөн аптада англиялык "Манчестер Юнайтед" клубуна кошулган.