"Унаа сайга оодарылып кеткен". Баткенде жол кырсыгынан үч адам каза болду

Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 135-чакырымында жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кадамжай районундагы Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 135-чакырымында Daewoo Tico үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып сайга оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 3 эркек киши каза болуп (аты-жөндөрү такталууда) жана 1996-жылы туулган Э.А. аттуу жаран жаракат алган.

"Жерине ӨКМнын №3 өзүнчө мобилдештирилген тоо кырсыгынан куткаруу взводунан 3 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдарды унаадан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Ал эми жабыркаган адам "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп берилди", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан