"Үч улут Кубогу" алкагындагы мелдештерге билеттерди үйдөн чыкпай туруп сатып алууга болот. Ал үчүн Www.iticket.kg шилтемесине өтүп, оюнду жана орунду тандоо керек. Баары оңой!
Сатып алуу үчүн стадиондун батыш стенддин 18, 19 жана 20 секторлоруна билеттер жеткиликтүү. Билеттин баасы: 500 сом.
Кыргызстан командасынын катышуусундагы беттештерге билеттер эртең, 6-сентябрдан баштап Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун кассасында сатыла баштайт.
"Үч Улуттар Кубогунун" оюндарынын графиги:
* 5-сентябрь (жекшемби) Палестина - Бангладеш;
* 7-сентябрь (шейшемби) Кыргызстан - Бангладеш;
Ошондой эле "Үч Улут Кубогу" турниринин таблицасынан тышкары Азия чемпиондугунун тандоо туруна (U-23) даярдануу үчүн Кыргыз курама командасы Бангладеш курама командасы менен ойнойт. Билеттер www.iticket.kg сайтында бар.
9-сентябрь (бейшемби) Кыргызстан (U - 23) - Бангладеш.
Сурап-билүү үчүн: 0558 986 100.