"Башы кесилип, денеси күйүп кеткен деген маалымат чындыкка дал келбейт". Чүйдө бир нече жолу бычакталган аялдын жансыз денеси табылды

Чүйдүн Степное айылында аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-сентябрь күнү саат 21:40 чамасында Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү келип түшкөн. Анда Степное айылындагы үйлөрдүн биринен аял кишинин жансыз денеси табылганы кабарланган. Жерине ыкчам тергөө тобу барып, 1961-жылы туулган С.Т. аттуу аялдын сөөгү табылган. Ал бир канча жолу бычакталганы аныкталган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Териштирүү иштеринде жергиликтүү тургундар суракка алынган, анда алар 5-сентябрь күнү саат 17:00 чамасында маркум аялдын үйүндө түтүн чыгып жатканын көрүшкөнүн айтышкан.

"Аял башы жок абалда табылды жана күйүп кеткен деген маалымат чындыкка дал келбейт. Ал көп жолу бычакталып каза болгон. Үйүнөн өрт чыккан эмес. Учурда шектүүнү кармоо боюнча кызматкерлер иштеп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан