2-3-ноябрь күндөрү Бишкекте Кааба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда дзюдо боюнча IV Эл аралык “Хан Манас Кубогу” аттуу мелдеш жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Мелдешке Кыргызстандын өлкө аймагынан сырткары Тажикстан, Ооганстан жана Казакстандан дзюдочулар катышты. Жеңүүчүлөр жеке жана командалык эсепте аныкталып, мелдештин жыйынтыгында Казакстандан келген команда “Хан Манас Кубогун” утуп алды. Мелдештин жеңүүчүлөрүнүн толук тизмеси төмөндө:
Эркектер арасында:
50 килограммга чейинки салмакта - Баяман Сагынбай уулу (Кыргызстан)
55 кг - Адай Карималиков (Казакстан)
60 кг - Нурлан Елубай (Казакстан)
66 кг - Мадияр Ботеке (Казакстан)
73 кг - Дарын Абдилов (Казакстан)
81 кг - Дурсын Хосен Оглы (Казакстан)
90 кг - Азамат Бектурсунов (Кыргызстан)
90 килограммдан өйдө салмакта - Николай Губаньков (Казакстан)
Кыздар арасында:
48 кг Каншат Карасай кызы (Казакстан)
52 кг Анар Асылханова (Казакстан)
57 кг - Эльмира Акишова (Кыргызстан)
63 кг - Эльмира Акишова (Кыргызстан)
70 кг - Эльмира Самигалова (Казакстан)
70 килограммдан өйдө салмакта - Динара Кусайн (Казакстан)
Жалпы командалык эсепте:
1-орун: Казакстан
2-орун: Кыргызстан
3-орун: Тажикстан
4-орун: Ооганстан