Садыр Жапаров "Ак шумкарларды" жеңиши менен куттуктап, белекке топ алды (видео)

Кечээ, 7-сентябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо "Үч улут Кубогунун" алкагындагы Кыргыз өлкөсү Бангладеш курама командасы менен кез келип, 4:1 эсебинде жеңип алды.

Оюнду көрүү үчүн стадионго өлкө башчы Садыр Жапаров келип, оюндан кийин Кыргыз курамасынын футболчулары менен жолукту. Мындай видеону президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасына жүктөдү.

"Азаматсыңар жигиттер! Жакшы оюн көрсөттүңөр. Азыр жашсыңар, дагы көптөгөн жеңиштерге жеткиле", - деди Садыр Жапаров.

Өз кезегинде "Ак шумкарлар" Садыр Жапаровго топ белек кылып, чогуу сүрөткө түшүштү.

Садыр Жапаров "Ак шумкарларды" куттуктады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dembele84
2021-09-08 08:27:45
Жаштарга да кобуроок конул буруп,футбольный академияларды ачыш керек.Футболдо осуш бар,мындан ары алдыга жылдырыш керек!
+2
surgeon777
2021-09-08 15:13:30
Кыргыз футболун ФУТБОЛ кылган Александр Крестининге чоон рахмат жана таазим...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан