Орусиянын Казань шаарында өтүп жаткан КМШ оюндарында самбо боюнча кыргыз спортчулары 5 коло медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматынан жарыялашты.
Маалыматка ылайык, мырзалар арасында Алай Сартов (71 кг), Тимурлан Токтоболотов (88 кг), Алымбек Адил уулу (98 кг) коло медалды камсыздашкан. Ал эми кыз-келиндер арасында Канышай Аманкулова (50 кг) жана Элла Мусаева (80 килограммдан жогору) байгеге ээ болгон.
Самбо боюнча улуттук курама команда аталган мелдешке машыктыруучулар Эмил Абдралиев жана Анара Жумалиеванын жетекчилиги астында катышты.
Ал эми самбо спорту боюнча медалдык эсепте Кыргыз өлкөсү 6-орунга жайгашты.