"Паралимпиадага өз чөнтөгүбүздөн акча чыгарып барып келдик". Дзюдо федерациясы Паралимпиадалык комитеттин кайдыгерлигине нааразычылык билдирди

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасындагы дзюдо федерациясы Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке жана өлкөнүн Паралимпиадалык комитетине нааразычылыгын билдирип, SUPER.KG порталына кайрылды. Федерациянын нааразычылыгы Токиодогу Паралимпиадалык оюндарда өлкө намысын коргогон спортчуларга карата жасалган кайдыгер мамиле, анын ичинде Паралимпиадалык мелдешке барып келүү үчүн жетиштүү каражаттын бөлүнбөгөнү, спортчуларга даярдалган олимпиадалык формадагы кемчиликтер, ошондой эле өлкөгө кайтып келген пара дзюдочу Хайитхон Хусан кызын тосуп алуудагы тийиштүү мекеме өкүлдөрүнүн кош көңүл мамилеси менен байланышкан.

Белгилей кетсек, Токиодогу Паралимпиадалык оюндар 24-августта башталып, 5-сентябрь күнү жыйынтыкталган. Ага Кыргыз өлкөсүнүн атынан 2 спортчу, тактап айтканда жеңил атлетика боюнча (ядро түртүү) Арстанбек Базаркулов жана пара дзюдочу Хайитхон Хусан кызы катышкан.

Тилекке каршы, Хайитхон Хусан кызы алгачкы беттешинде казакстандык спортчуга жеңилип, мелдештеги жүрүшүн жыйынтыктаган. Ал эми Арстанбек Базаркулов ядро түртүү боюнча мелдеште 10-орунду камсыздаган.

Арстанбек Базаркулов аталган мелдештеги оюндарын жыйынтыктап, бүгүн, 8-сентябрда өлкөгө кайтып келген. Пара жеңил атлетчини спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Союзбек Надырбеков, спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциянын директорунун орун басары Жаныбек Бейшебек уулу жана спортчунун жакындары тосуп алган.

Мындан улам ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасындагы дзюдо федерациясы Хайитхон Хусан кызын тосуп алууда тийиштүү мекемелерден эч бир өкүл барбаганын айтып, спортчуга карата жасалган мындай кош көңүлдүүлүккө нааразычылык билдиришти.

Алардын айтымында, Хайитхон Хусан кызы 31-августта Токиодон кайтып келген. Спортчу айымды тосуп алуу үчүн Паралимпиадалык комитеттин кызматкерлери бошобой жаткандыгын билдиргендиктен, дзюдо федерациясы машыктыруучулары менен гана барып тосуп алышкан.

"Хайитхон Хусан кызы кайтып келгенде спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциядан да, Паралимпиадалык комитеттен да өкүлдөр бошобой жаткандыгына байланыштуу бара албай турганын билдиришти. Ага макул болуп биз өзүбүздүн федерация менен барып тосуп келдик. Ал эми кечээ Арстанбек байке (ред.: Арстанбек Базаркулов) келгенде абдан жакшы тосуп алышты. Жыйынтык боюнча алып карасак экөөнүн көрсөткүчү бирдей эле. Хайитхон кыз болгону үчүнбү билбейм. Эмнеге мындай айырмачылык болуш керек?", - деп билдиришти федерациядан.

Ошондой эле Паралимпиадалык комитеттин, Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциянын жасап жаткан ишине нааразы экендигин кошумчалашты. Федерациядан билдиришкендей, Токиого бара турган пара спортчуларга Олимпиадалык форма даярдап берүү иши да бир топ кемчиликтер менен коштолгон.

"Бардык өлкөнүн Олимпиада менен Паралимпиада спортчулары бирдей форма кийип чыгышты. А бизде комитет Спорт агенттиги менен иштеше албай, оюндарга 1 апта калганда башка форма даярдап беришти. Анда да Хайитхон Хусан кызынын формасы туура эмес жасалып, "Хайат кызы" деген жазуу менен чоң өлчөмдөгү форма берилген.

Ошондой эле спортчуларга спорттук гана кийим берилген. Ал эми машыгуу учурунда жамгыр жааган мезгилде кийип жүрүүчү кийимдин баарын спортчулар өздөрү алып барышты", - деп белгилешти.

Мындан тышкары Паралимпиада үчүн мамлекет тарабынан бөлүнгөн акча жетишсиз болуп, сарпталган каражаттын көп бөлүгүн федерация өз чөнтөгүнөн чыгарган.

"Биз аябай нааразыбыз. Бизге эч көңүл бөлүнбөсө жаап салса деле болот. Ансыз да машыктыруучулар деле чарчады. Бардык жерге өзүбүз акча издейбиз. Эч кандай жардам жок".

Ал эми бул боюнча Паралимпиадалык комитетке байланышканыбызда төмөнкүдөй жооп беришти.

"Хайитхон Хусан кызы өлкөгө кайтып келгенде биз иштер менен Нарын облусунда болуп калдык. Бирок бул боюнча алдын ала федерацияга билдиргенбиз. Алар тынчсыздана турган эч нерсе жок экендигин айтып, өзүбүз унаа жөнөтүп, тосуп алабыз дешкен.

Бул жерде эки спортчуну бөлүп кароо деген нерсе болгон жок. Бирөө жаман, бирөө жакшы деген нерсе да болгон эмес. Болгону ошол. Хайитхон Хусан кызы келгенде маанилүү иштерден улам бара албай калдык. Ал эми Арстанбек Базаркулов келген учурда барып тосуп келдик.

Форма даярдап берүү Спорт агенттигинин милдети болчу. Биз алар менен сүйлөшүп, 15-июлда эле формалар толугу менен даярдалып берилсин деген буйрук чыккан. Бирок агенттиктин айтымы боюнча, убагында каражат бөлүнбөй Олимпиадалык формалар даяр болбой калган экен.

Бирок агенттик "Dixer" жана "Joma" фирмалары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, спорттук форма даярдатып берген. Ал формадагы кемчиликтер эмнеден улам кеткенин мен азыр так айта албайм. Аны биз да байкап калып, барып кайра оңдоткула деп айтканбыз. Балким, адистер убагында жакшы иштебей коюшкандыктан ушундай нерсе жаралганбы, айта албайбыз", - деп билдиришти комитеттен.

Ошондой эле жетиштүү каражаттын бөлүнбөгөнү боюнча Паралимпиадалык комитетти каржылоо мыйзамда каралбаганын айтып, ушул күнгө чейин комитет жеке булактар аркылуу каражат таап, мелдештерге катышып келишкенин билдиришти.

"Биз каражат жагынан, балким, жакшы мүмкүнчүлүк түзүп бере албай калышыбыз ыктымал. Себеби бизди каржылай турган эч бир мекеме жок. Бул нерсе мыйзамда да каралган эмес. Ушул күнгө чейин ар кайсы жактан акча сурап, мелдештерге катышып жүрөбүз.

Ал эле эмес, бизде айлык албай иштегендер да бар. Баары билгендей Паралимпиадалык спорт түрлөрү Кыргыз өлкөсүндө жаңы гана өнүгүп келе жатат", - деп белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан