Бишкекте стол тенниси боюнча Кыргызстандын чемпиондугу жыйынтыкталды

1-3-ноябрь аралыгында Бишкектеги “Карвен” стол теннистик борборунда стол тенниси боюнча Кыргызстандын чемпиондугу болуп өттү. Бул тууралуу Стол теннис ассоциациясынын вице-президенти Самсон Балян билдирет. Мелдешке Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынан, Бишкек жана Ош шаарынан 50дөн ашык спортчу катышты. Жыйынтыгында командалык эсепте бишкектик спортчулар 1-орунду ээледи. Ал эми жеке эсепте эркектер арасында Руслан Култаев, кыздар арасында Жылдыз Аязбекова мелдештин жеңүүчүлөрү деп аталды. Ошондой эле мелдештин жупта ойноо бөлүгүндө эркектер арасында бишкектик Алишер Якупбаев менен Жасур Худайбердиев, кыздар арасында Жылдыз Аязбекова менен Татьяна Хильчишина, аралаш жупта болсо Алишер Якупбаев менен Элина Модубашова жубу мелдештин жеңүүчүсү болду.  

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан